Өкмөттө бүгүн, 3-декабрда энелердин өлүмүнүн көрсөткүчүнүн начарлашы боюнча кеңешме өттү. Жыйында быйыл сентябрда Чүй облустук төрөт үйүндө 1 эненин, ноябрь айында Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринде 2 эненин көз жумушу талкууланды. Бишкек шаарында катталган фактылар боюнча шаардык мэриянын Саламаттыкты сактоо департаменти иликтөө жүргүзүп жатканы айтылды. Жыйынтыгында Саламаттыкты сактоо министрлигине төмөнкү тапшырмалар берилди:
1. Кыска мөөнөттүн ичинде энелердин өлүмүнө байланыштуу аталган 2 окуя боюнча иликтөө иштерин бүтүрүү, бул маселени энелердин өлүмү боюнча республикалык штабдын жыйынында карап, жыйынтыгында күнөөлүү кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу.
2. Саламаттыкты сактоо министрлигинин жакынкы коллегиялык жыйынында 2014-жылдын 10 айынын жыйынтыгындагы энелердин өлүмү боюнча маселени кароо.
3. Өзүнүн аракети менен кош бойлуу энелердин өлүмүнө себепкер болгон же төрөттү татаалданткан медицина кызматкерлеринин жазасын катаалдаштыра турган укуктук нормативдик актылардын долбоорун иштеп чыгуу жана укуктук нормативдик базага ревизия жүргүзүү.
4. Энелердин коопсуздугу, үй-бүлө боюнча аялдар арасына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча медиа-план иштеп чыгуу.