Жогорку Кеңеш Бажы биримдигине кириши тууралуу 8 мыйзам долбоорун добуш берүүгө жиберди

Жогорку Кеңештин 4-декабрдагы жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүүсүнө байланыштуу 8 мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди. Депутаттар электр энергия, газ жана бажы алымдары тууралуу маселелерге токтолушту.   

Каралып жаткан мыйзам долбоорлору төмөнкүлөр:

- “Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору;

- “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзамдын долбоору;

- “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Энергетика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан