Тайырбек Сарпашев Токмок шаарындагы жаңы заводдун курулушунун башталыш аземине катышты
Бүгүн 6-ноябрда КРнын
Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Токмок шаарындагы нефтини кайра
иштетүүчү заводдун курулушунун башталышына капсула коюу аземине катышты. Иш-чаранын
ачылышында Тайырбек Сарпашев бул заводдун кыргыз экономикасына тийгизе турган
таасири тууралуу оюн айтты. “Бул курулуштун башталышы - Чүй облусу жана Токмок
шаарындагы өндүрүш потенциалын жогорулатууга болгон бирден-бир алгылыктуу
кадам. Долбоордун кубаттуулугу жылына 500 миң тонна нефтини иштетүүгө ылайыкталган.
Бул завод биздин күйүүчү майга болгон көз карандысыздыгыбызды кыскарткандан
сырткары жергиликтүү бюджетке 15 миллион сом салык котормокчу жана жаңы 300
жумуш орундарын түзөт. Бул Токмок шаарындагы жумушсуздук маселесин чечүүгө
салым кошот”,- деди вице-премьер.