Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңеште 2014-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Өкмөт мурда республикалык бюджеттин өсүшү 6,2 пайыз өлчөмүндө белгиленсе, азыр ал 4,5 пайызды түзүүсү күтүлүп жатканын айтты. Салыктык жана бажылык алымдардын кыскарышына жана бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн көбөйгөнүнө байланыштуу бюджетте бир катар айырмачылыктар болууда. Депутаттар Кыргызстан кийинки жылдан тарта Бажы биримдигине кирип жаткандыктан, өкмөт тарабынан кризистин алдын алуу максатында атайын программаларды иштеп чыгууну сунуш кылышты. Жыйынтыгында парламент мыйзам долбоорду 1-окууда кабыл алды.