LG Electronics компаниясы 10 жыл ичинде эл аралык көргөзмөлөрдө 150 сыйлыкты жеңди

LG Electronics компаниясы 10 жыл аралыгында өткөн бир нече көргөзмөлөрдө өз продукцияларын коюп, өз дарегине жакшы пикирлерди алып келет. Турмуш-тиричилик электроникасы ассоциациясы жакында эле LG`нин продукциясын дизайн жана технология багытындагы мыктылыгы үчүн "CES Innovation Awards-2015тин" эл аралык деңгээлдеги 10 сыйлыгына татыктуу деп тапты. LG`ден үй кинотеатры, тиричилик техникасы, мобилдик каражаттар "CES Innovation Awards-2015" тандоосундагы эң жогорку категорияда атаандашууга (тиричилик техникасы, компьютердик каражаттар, видеодисплей жана телефондор) көрсөтүлдү. Акыркы 10 жыл ичинде LG компаниясы "CES Innovation Awards" көргөзмөсүндө 150 сыйлыкты жеңип алды. 

LG компаниясынын продукциялары "CES" (Лас Вегас) жана "Mobile World Congress" (Барселона) сыяктуу инновациялык технологиялардын эл аралык көргөзмөсүндө сыйлыктарга бир нече жолу татыктуу болгон. 

LG компаниясы Түштүк Кореянын экономикасына жана өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон. Бүгүнкү күндө бул дүйнө жүзүндөгү сүйүктүү бренд жана электроника менен техника рыногунда лидер болуп саналат. 1947-жылы Ку Ин Хой алгач бет май даярдап, кийинчерээк тиш жуучу пасталарды чыгаруучу Lak Hui Chemical Industries ишканасын негиздеген. Ишкер 11 жылдан кийин тиричилик техникасын чыгаруу менен алектенүүнү чечет да, 1959-жылы Goldstar (кийинчерээк LG Electronics) компаниясын ишке киргизет. Алгачкы 20 жылдын ичинде ишкана 100 миллион долларга барабар болгон техниканы чет өлкөлөргө экспорттогон. 

Ал эми 1995-жылдын март айында Lucky химиялык өнөр жай ишканасы менен GoldStar биригип, LG компаниясы түзүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан