Кыргызстанда быйыл облустук мекемелердин азык-түлүк сатып алуусуна бюджеттен 10 миллион 460 миң сом каралган. Муну 5-декабрда Каржы министрлиги маалымдады. “Тамак-аш азыктарын сатып алуу” беренеси боюнча министрлик төмөнкүлөрдү билдирет:
"Каржы министрлиги мамлекеттик каржыларды тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган катары мамлекеттик программаларды, иш-чараларды жана төлөөлөрдү каржылайт. Алардын бири - жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүлүп берилген мекемелердин дене тарбия жана спорт боюнча иш-чараларына багытталган “тамак-аш азыктарын сатып алуу” беренесин каржылоо. “Кыргызстандын 2014-жылга республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамга ылайык, облустук мекемелер боюнча тамак-аш азыктарын сатып алууга бардыгы болуп 10 миллион 460 миң сом каралган. Мунун ичинен дене тарбия жана спорт боюнча иш-чараларга 9 миллион 960 миң сом, ал эми “Ак-Жол” реабилитациялоо борборуна 500 миң сом каралган".