"Спорт тармагын өнүктүрүүгө бир аз эле түрткү жетишпей жатат, болбосо спортчуларыбыз жогорку көрсөткүчтөрдү багынтышмак",- деп билдирди "Республика" фракциясынын 5-декабрдагы жыйынында депутат Максат Сабиров. Анын билдиришинче, спорт тармагы кадрдык маселеде аксап жатат. Профессионалдуу кадрлар, машыктыруучулар жана талаптагыдай материалдык-техникалык база жоктугун айткан депутат буларды кошумчалады: "Спортчуларга белгилүү бир жаш курагына баргандан ден соолугуна атайын медициналык кам көрүлбөйт. Көп жылдык оор машыгуулардан кийин дене-боюн калыбына келтирүү боюнча эч кандай медициналык камкордук жок".
Сабиров спортчулар саясатчылар тарабынан пайдаланылып, андан кийин унутта каларын кошумчалады. "Түрдүү саясий акцияларга спортчулар тартылат. Ошону менен баары бүтөт, аларды дароо унутушат",- деди депутат.