Тармактык комитет Судьяларды тандоо кеңешине сунушталган акыркы 4 талапкерди жактырды

Жогорку Кеңештин Cот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитети 8-декабрда Судьяларды тандоо кеңешине сунушталган Урмат Момбеков, Алишер Юсупов, Жээнбек Мукамбетов, Панайдин Кадыровдун талапкерлигин карап, жыйынтыгында жактырды. Маалым болгондой, бул талапкерлер парламенттеги коалициялык көпчүлүк тарабынан сунушталып, ноябрь айынын башында аталган комитеттин кароосуна жиберилген.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары ушул жылдын 19-ноябрында Сотторду тандоо кеңешинин 20 мүчөсүн шайлаган. Кеңештин курамында 24 мүчө бар. Жалпы курамдын үчтөн бири парламенттеги көпчүлүк коалиция, үчтөн бири парламенттик оппозиция, үчтөн бири Судьялар кеңеши тарабынан көрсөтүлгөн. Алар 3 жылдык мөөнөткө шайланышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан