Парламент комитети 2014-жылкы республикалык бюджетке өзгөртүү киргизүүнү жактырды

Парламенттин Бюджет жана финансы комитети бүгүн, 8-декабрда "КРнын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин карады. Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган каржы министри Ольга Лаврова өзгөртүүлөр тууралуу буларды айтты: 
"Бюджет долбоорун парламентке жибергенден кийин Каржы министрлигине Орусиядан 30 миллион доллар суммасында грант келди. Бул сумма документке кирбей калган. Буга байланыштуу 2014-жылдын бюджетине бир катар өзгөртүүлөр киргизилет".
Каржы министри 2014-жылдын бюджетинин долбооруна мындан башка да айрым каражаттар киргизилбей калганын кошумчалады. 
Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун жактырышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан