Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 8-декабрда телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
“Урматтуу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери! Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан телекөрсөтүү жана радионун бардык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайм! 1958-жылы 8-декабрда республикада биринчи телепрограмма эфирге чыккан. Алгач кыргыз телекөрсөтүүсү аптасына 4 жолу берилчү, кабылдагычтын жардамы менен ак-кара түстө көрсөтүлчү. Азыркы учурда телерадио - өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялар боюнча маалыматтарды ыкчам жеткирүүчү негизги булактардын бири”,- деп башталган куттуктоодо телерадионун өнүгүш тарыхы, сапаты, тейлеген аймагы тууралуу кенен сөз болот.
Премьер-министр тармактын кызматкерлерине бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик каалады.