Бишкек шаарынын үч көчөсүн оңдоого Кытай өлкөсү каражат бөлүп жатат. Тийиштүү макулдашууну бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети карап, парламенттин кароосуна 3-окууда алып чыгуу чечимин кабыл алды. Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, эки тараптуу келишимге ылайык, кытай тарап Бишкек шаарынын көчөлөрүн оңдоо үчүн 31 миллион доллар гранттык каражат карап жатат. Бул каражатка Бишкектин 105 чакырым жолу оңдолот. Жолдун алгачкы фазасында Бишкек шаарынын үч көчөсүн (7,44 чакырым) калыбына келтирүү багытында 52,5 миллион юань (491,688 миллион сом) бөлүп жатат.