Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Катардагы иш сапарынын алкагында 8-декабрда өлкөнүн эмири Ахмад Мухаммад аль-Саед менен жолугушуп, жыйынтыгында 7 документке кол коюлду. Кол коюлган макулдашуу жана меморандумдар төмөндө:
1. Кыргызстан менен Катар өкмөттөрүнүн ортосундагы инвестицияны кеңейтүү жана коргоо жөнүндө макулдашуу;
2. Кыргызстан менен Катар өкмөттөрүнүн ортосундагы туризм тармагындагы кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
3. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Катардын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
4. Кыргызстан менен Катар өкмөттөрүнүн ортосундагы дипломатиялык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу макулдашуу;
5. Кыргызстан менен Катар өкмөттөрүнүн ортосундагы маданият тармагындагы кызматташтык тууралуу макулдашуу;
6. Кыргызстан менен Катар өкмөттөрүнүн ортосундагы жаштар саясаты тармагындагы кызматташтык тууралуу макулдашуу;
7. Бишкек мэриясы менен Доха мэриясынын ортосундагы боордоштук байланышты түзүү тууралуу макулдашуу.