Жогорку Кеңештин комитети чек ара аймактарындагы курулуштарды көзөмөлдөөчү мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин 9-декабрдагы жыйынында "КРнын Электр жана почта байланышы жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды. Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, долбоор боюнча транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис Мамырканов баяндама жасады. Анын айтымында, демилгенин максаты - өлкөнүн улуттук коопсуздугунун элементи катары маалыматтык коопсуздукту камсыздоо. Тактап айтканда, мыйзам долбоору чек ара аймактарындагы курулуштарды укуктук жактан жөнгө салуу жана телекоммуникациялык түйүндөрдү кеңейтүүгө багытталган.  
Жыйынтыгында мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан