"Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыга элек",- деп билдирди вице-премьер-министр Валерий Диль. Муну вице-премьер Жогорку Кеңештин Отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу жана Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттеринин 9-декабрдагы биргелешкен жыйынында айтты. Диль депутаттарга “Кумтөр” боюнча Жогорку Кеңештин токтомдорунун аткарылышы тууралуу маалымат берип жатып: “Макулдашуу долбоору боюнча канадалык ишкерлер менен кыргыз өкмөтү эки башка вариант иштеп чыгышкан. Бирок которуу жагынан маселе жаралып калган”,- деп билдирди.
Быйылкы жылдын март айларындагы эки таратуу жолугушууларга “Кыргыз алтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Дилгир Жапаровго кылмыш иши козголушу тоскоолдук жаратканын кошумчалады. “Centerra Gold” ишканасынын Директорлор кеңеши “Центерра” компаниясынын президенти Ян Аткинсондун Кыргызстанга келүүсүнө азырынча уруксат бербей жатат. Ал ушул жылдын март айында келмек, бирок Дилгир Жапаровго кылмыш иши ачылганда ал Кыргызстанга келүүсүн токтотуп койду. Учурда сүйлөшүүлөр Москвада өтүп жатат. Азыр 8 документ даярдалууда, бирок аягына чыга элек. 10-декабрда Канадада сүйлөшүүлөр болот”,- деди Диль.
Учурда маселе жабык эшик артында талкууланып жатат.