"Кыргызмунайгаз" ишканасынын жооптуу кызматкерлерине 883 275 метр куб газ үчүн кылмыш иши ачылды

"Кыргызмунайгаз" ишканасы жаратылыш газынын нормативден жогорку жоготуулары үчүн айыпталууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү ыкчам текшерүүнүн жүрүшүндө отун-энергетикалык комплексиндеги коррупциялык схеманы аныктаган. Тактап айтканда, мекеменин жооптуу кызматкерлери Кочкор-Ата шаарындагы 20 аки таш цехине газ жеткирүүдө 883 275 метр куб газды негизсиз нормативден жогорку көрсөткүчтө жоготушканы белгилүү болгон. 
Ноокен РИИБи факт боюнча кылмыш ишин козгоду, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан