Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 9-декабрда быйылкы жылдын 11 айынын жыйынтыгында республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөт жетекчиси ноябрь айында төлөм жыйноону аталган эки орган тең пландан ашыкча аткарганын белгиледи.
"Мамлекеттик бажы кызматы 11 айдын жыйынтыгы боюнча 762 миллион сом, Мамлекеттик салык кызматы 191 миллион сом ашыкча жыйнады. Бирок октябрь айында салык кызматы планды толук аткарган эмес. Жалпы 11 айдын жыйынтыгында салык топтоо 96,8 пайызга аткарылды. Буга байланыштуу салыкчылар менен бажычылар декабрь айында планды толук аткарышы керек. Мугалимдер менен дарыгерлердин айлыктарын, жөлөк пулдарды өз убагында берүү ушудан көз каранды",- деди Оторбаев.
Премьер-министр планды аткара албаган жетекчилерди кызматтан алууну Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Замирбек Осмоновго айтты. Бажы кызматынын башчысына кадрдык ротация боюнча иштерди жандантуу тапшырмасы берилди.