Геология агенттиги: Системдүү коррупцияны жоготуу планындагы иш-чаралар 81 пайызга аткарылды

Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги системдүү коррупцияны жоготуу планындагы иш-чараларды 81 пайызга аткарды. Муну бүгүн, 9-декабрда аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, агенттиктин алдына быйыл аталган багытта 40 иш-чара өткөрүү милдети жүктөлгөн. "Кыргызстандын Коргоо кеңеши жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында иш-чаралардын 81 пайызы аткарылганы белгилүү болду. Муну менен бирге бир катар иш-чаралар атайын өкмөт тараптан бекитилген процедуралардан өтүүдө. Мындай шартта 15 иш-чара толук, 4ү толук эмес аткарылды. 18 иш-чара аткарылуу стадиясында",- деп айтылат маалыматта.
Коргоо кеңеши Геология агенттигинин материалдарын изилдеп көрүп, "план эффективдүү аткарылып жатат" деген жыйынтыкка келген. Бирок башка мамлекеттик органдар менен байланышты жандантуу талабы айтылган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан