Депутаттар "Кумтөрдү" улутташтырууну кайрадан сунушташууда

Депутаттар "Кумтөрдү" улутташтырууну кайрадан сунушташууда. Муну Жогорку Кеңештин Отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу жана Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттеринин 9-декабрдагы биргелешкен жыйынынан чыккан депутат Кожобек Рыспаев SUPER.KG порталына билдирди. Рыспаев буга айрым депутаттар макул эместигин кошумчалады. “Кумтөрдү” улутташтыруу оңой айтылганы менен, соттук иштер башталчу болсо, бир нече убакытка созулушу мүмкүн экенин айтат депутат.

“Биз Жогорку Кеңештин токтомдорунун аткарылышы кандай жүрүп жатканын сурап, суроолорубузду бердик. Эми өкмөт сүйлөшүүлөрдү аягына натыйжалуу кылып чыгарабыз деп ишендирүүдө. Алар парламенттин тоскоол болушун каалабай турушат. Анткени сүйлөшүүлөрдү бузуп алабыз деп коркуп жатышыптыр. Керек болсо жыйында айтылган сөздөрдү журналисттерге жеткирбөөнү суранышты. Ал эми биз макулдашууну 15-декабрга чейин Жогорку Кеңештин кароосуна алып келүүнү бекиткенбиз. Бирок сүйлөшүү кайсы убакытка чейин созулары ачык эмес, дагы улантышмакчы”,- деди Рыспаев.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан