Өмүрбек Текебаев: "Улутташтыруу - "Кумтөрдү" жоготуу же токтотуу эмес, болгону ээсин алмаштыруу"

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы "Кумтөр" кенин улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Демилгенин автору, депутат Өмүрбек Текебаев "Улутташтыруу - "Кумтөрдү" жоготуу же токтотуу эмес, болгону ээсин алмаштыруу" деп билдирет. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, маалыматта төмөнкүлөр белгиленет.
"Кумтөр" улутташтырылбай калса:

Бардык соттук териштирүүлөр бүткөндөн кийин "Кыргыз алтын" ААКнын "Центеррадагы" акциялары, андан келип чыккан бардык жыйынтыктар камакка алынат (арест коюлат).

Кыргызстан "Кумтөрдү" жоготот жана өзүнүн арестте турган активдерине карата кандайдыр бир чара көрүүдө күчсүз болот.

Эртеби-кечпи, "Центерра" долбоордон кетет.

Эртеби-кечпи, "Кумтөр" менен байланышкан бардык көйгөйлөр келип чыккан күн келет, анын ичинде бюджеттик каржылоодогу көйгөй, бүгүн 9 миллиард сомго барабар болуп жаткан жалпы чыгашалар, Кыргызстандын 2600 жаранынын ишсиз калуусу, "Кумтөргө" өткөрүүнү ишке ашырышкан өлкөнүн 708 компаниясынын кирешесинин жоголушу жана чыгарылышы жана башка Кыргызстандын көйгөйүнө айланат. Бардык көйгөйлөрдү жабууга Кыргызстандын каражаты жетпейт. Кыргызстан экологиялык көйгөйлөрүндө өзү менен өзү калат. Азыркы абал жана жаратылыш ресурстарына болгон мамиле сакталып калса, өлкөнүн экологиясына орду толгус зыян келтирилет. Натыйжада "Кумтөрдөгү" техногендик катастрофалар жаралат. Мындай мурастын жүгүн биздин кийинки муундар тартышат, алар азыркы муундун татыксыздыгын кечиришпейт.

"Кумтөр" улутташтырылса:

"Центерранын" акцияларынын номиналы, анын ичинде "Кыргыз алтын" ААКнын арест коюлган акциялары кыйрайт.

Соттук процесстерден жеңип чыккан субъекттер өз кызыкчылыктарында калышат.

Алтын менен күмүштү реализациялоодон түшкөн акча ("Центерранын" маалыматы боюнча) 2014-2026-жылдарда унциясы 1350 доллар болгон баа менен 9 миллиард 555 миллион долларга барабар болот.

Кыргызстандын кирешеси 2 миллиард 770 миллион долларды түзөт.

Дүң салык 1 миллиард 238 миллион долларга барабар болот.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду - 96 миллион доллар.

Кыргыз тарап көзөмөлгө алган же жетектөөчү оператор ишке ашырган операциялык чыгымдар 3 миллиард 241 миллион доллар өлчөмүндө жана капиталдык чыгымдар 2 миллиард 216 миллион доллар өлчөмүндө болот.

Бул жагдайда "Центеррага" компенсациялардын бардык түрүн жүргүзүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча бардык иш-чараларды ишке ашыруу үчүн акча каражаты бар болот.

Башкысы, бул токтоп калуудан чыгуунун жалгыз мүмкүнчүлүгү болушу мүмкүн.

Көптөгөн миллиарддаган карыздан келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүнүн мүмкүнчүлүгү жана Кыргызстан үчүн татыктуу жашоону баштоонун мүмкүнчүлүгү.

"Кумтөрдүн" алтыны канадалыктарды жана бир ууч коррупционерлерди байытпастан, жалпы кыргыз эли үчүн сакталат жана муундарга калтырылат.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен оң жактуу социалдык позитивдүү эффект күтүлөт жана гендердик, укук коргоо жана коррупциялык натыйжаларды алып келбейт. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан