Кыргызстан 23 жылда Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча 8 конвенциясына кошулду

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча 9 негизги эл аралык конвенциясынын 8ине кошулду. Муну бүгүн, 10-декабрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, акыркы 10 жылдан бери Адам укуктарынын эл аралык күнү белгилүү бир лозунгдун алдында ишке ашат. БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мундун адам укуктарынын корголушуна декабрь айынын бир күнүндө гана эмес, жыл бою көңүл бурууга чакырган сөзүнөн улам быйылкы жылдын лозунгу "Адам укуктары-365" деп аталган. БУУнун 2016-2018-жылдарга Адам укуктары боюнча кеңешине Кыргызстан өзүнүн талапкерин сунуштоодо. Талапкерлерди шайлоо 2015-жылдын күзүндө Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 70-сессиясынын алкагында өтөт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан