Депутаттар бюджеттин 100 миллион сомун туура эмес жумшаганы үчүн өкмөттү айыпташты

Каржы министрлиги Баткендеги чек арага жакын жайгашкан айылдарга төлөнчү 100 миллион сомду Ош-Баткен-Исфана унаа жолун курууга бөлүп салган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 10-декабрдагы жыйынында айтылды. Депутат Улукбек Кочкоров: “Бул акча социалдык төлөмдөргө берилиши керектиги боюнча Жогорку Кеңештин токтому бар болчу. Жолго акча керек болуп жатса, башка жактан карабайт белеңер”,- деди.   

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бул каражат жеке эле социалдык төлөмдөргө эмес, зарыл болгон жумуштага бөлүнө турганын билдирди. “Муну биз Баткендин жергиликтүү бийлиги менен сүйлөшүп чечкенбиз. Каражат кайсы жакка зарыл болсо, ошол жакка жумшалат, бир гана социалдык төлөмдөргө эмес. Быйылкысы жергиликтүү бийликтин макулдугу менен берилди”,- деди Маматалиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан