Жогорку Кеңеште 10-декабрда Судьяларды тандоо боюнча кеңештин жаңы курамынын акыркы 4 мүчөсүн бекитти.
Алар: Панайдин Кадыров, Жээнбек Мукамбетов, Урмат Момбеков, Алишер Юсупов.
Эске салсак, депутаттар 19-ноябрда кеңештин 20 мүчөсүн бекитип, Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк тарабынан сунушталган 4 орун бош калган эле.
Конституциянын 74-беренесине жана "КР Судьяларды тандоо кеңеши жөнүндө" мыйзамдын 5-беренесине ылайык, Судьяларды тандоо кеңешинин курамынын 24 мүчөсү болууга тийиш. Жалпы курамдын үчтөн бири парламенттик көпчүлүк коалициясы, үчтөн бири парламенттик оппозиция, үчтөн бири Судьялар кеңеши тарабынан көрсөтүлөт. Алар 3 жылдык мөөнөткө шайланат.