Кыргызстанда 4 айдан кийин электр энергиясынын тарифтери дагы 20 пайызга көтөрүлөт

Кыргызстанда 2015-жылдын апрель айында электр энергиясынын тарифтери 20 пайызга өсөт. Муну 11-декабрда Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Нурбек Элебаев билдирди. Демек, 1-апрелден баштап абоненттер 700 киловаттка чейинки электр энергиясынын 1 киловатты үчүн азыркыдай 70 тыйындан эмес, 84 тыйындан төлөй башташат. 
Казакстандан алынып жаткан электр энергиясынын баасы өзгөрүүсүз кала турганы айтылды. Импорттолгон электр энергиясы учурда 5 сом 53 тыйын болуп жатса, кийинчерээк 5 сом 13 тыйындан алына баштайт.  
Электр кубатынын тарифтери жыл сайын өсүп турмакчы. 
Эскерте кетсек, азыркы тарифтер боюнча абонент 700 киловатт электр энергиясы үчүн 70 тыйындан, андан ашканына 2 сом 5 тыйындан төлөйт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан