Алмазбек Атамбаев кышында электр энергиясы үзгүлтүксүз берилиши керектигин айтты

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-декабрда энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алып, быйылкы кышкы карата энергетикада жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат алды. Министр тартыштыкты жабуу үчүн Казакстандан электр энергиясы алынып жатканын билдирди. Мындан тышкары көмүрдөн синтетикалык газ өндүрүү долбоорун ишке ашыруу үчүн инвестор тартуу жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын энергетикалык системинин туруктуулугу маанилүүлүгүн, быйыл кышында калкты жана өндүрүш ишканаларын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо зарыл экенин билдирди.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан