Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясы 12-декабрдагы жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мамлекеттик активдерди жана улутташтырылган объекттерди башкаруу ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгү жөнүндө маселени карап жатат. Депутаттардын суроосуна аталган фонддун төрагасы Дүйшөн Ирсалиев жооп берип жатат. Анын маалыматына караганда, жалпы 47 объект улутташтырылган. “Биз улутташтырылган объектилерди эч кайда бербейбиз жана улутташтыруу ишин мындан ары да жүргүзө беребиз. Президент Алмазбек Атамбаев бизге ушундай тапшырма берген",- деди Ирсалиев.