"Президенттик аппарат спортко тиешелүү объекттерди коммерциялык жайга айландырууда". Муну депутат Чолпон Султанбекова Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын 12-декабрдагы отурумунда билдирди. Анын айтымында, спорт тармагына таандык объектилерди мамлекеттин эсебине өткөрүү керек. “Спортчуларыбыз мелдештерге эмес, машыгууга акча жок жүрүшөт. Залдары жок калды. Аларга тиешелүү объекттер президенттик аппаратка өтүп кетип, азыр коммерциялык жайга айланыптыр. Барып көрсөңөр, ичинде тигүү цехи, чачтарачкана иштеп жатат. Ошондуктан кайра мамлекеттин эсебине кайтарып, спортчуларга шарт түзүп беришибиз керек”,- дейт Султанбекова.
Жыйында депутаттар мамлекеттик активдерди жана улутташтырылган объекттерди башкаруу ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгү жөнүндө маселени карап жатат.