Алмазбек Атамбаев Социалдык фонд милдеттерин өз учурунда аткарууга тийиш экенин айтты

Бүгүн, 15-декабрда президент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алды. Жолугушууда өлкөнүн Социалдык фондунун ишмердүүлүгү, Кыргызстандын пенсиялык камсыздоо системин өнүктүрүү концепциясынын алкагында фонддун ишин өркүндөтүү боюнча пландар талкууланды.

Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө башчыга Кыргызстанда 2014-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялар жогорулатылгандыгын, пенсиянын орточо өлчөмү 4600 сомго жеткенин маалымдады.

Анын айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине байланыштуу пенсия алган 9 миңден ашуун пенсионердин пенсиясы өлкөдөгү пенсионерлердин белгиленген жашоо минимум деңгээлине жеткирилди. 

Алмазбек Атамбаев пенсиялык камсыздоо системинин туруктуулугун мындан ары чыңдоонун маанисин белгиледи жана Социалдык фонд өзүнүн бардык милдеттерин өз учурунда аткарууга тийиш экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан