"Бир бол" партиясынын конференциясында Координациялык кеңештин мүчөлөрү шайланды

13-декабрда Бишкекте "Бир бол" мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик партиясынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн конференциясы болуп өттү. Иш-чарага партиянын Саясий кеңешинин мүчөлөрү Игорь Чудинов, Жаныбек Бакчиев, Досалы Эсеналиев жана 70тен ашуун делегат катышты. Конференциянын жүрүшүндө Бишкек шаардык бөлүмүнүн Координациялык кеңешинин 17 мүчөсү шайланды. Координациялык кеңештин төрагасы болуп Руслан Кайназаров шайланды.

Партиялык иш-чарада Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлердин тизмеси сунушталып, бекитилди. 

"Эл биригүүнүн маанисин түшүнүп жатат, бүгүн биз Координациялык кеңешти түздүк, анын мүчөлөрү биздин идеяларыбызды эл арасына таратып, жайылтат, ишти илгерилетет",- деди И.Чудинов.

Кененирээк маалымат бул жакта:

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан