Быйыл геология тармагындагы 5 жетекчиге кылмыш иши козголгону айтылды

Быйыл өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин 20 адиси жоопкерчиликке тартылып, 8 кызматкер соттолду. Муну парламенттин Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин 15-декабрдагы жыйынында аталган агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. "Биздин биринчи максатыбыз - коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу. Коргоо кеңеши тарабынан системдүү коррупцияны жоюу багытындагы иш-чаралардын планы бекитилди. Биздин мекеме ал иш-чаралардын 81 пайызын аткарды",- деди Зилалиев. 
Зилалиев быйыл тармактагы 5 жетекчиге кылмыш иши козголгонун кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан