Бүгүн, 16-декабрда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев казак президенти Нурсултан Назарбаевди мамлекеттин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Өлкө башчы куттуктоо телеграммасында Кыргызстан коңшу Казакстан мамлекетинин эл аралык аренадагы жетишкендиктерин жана ийгиликтерин кубануу менен кабылдаганын белгиледи.
“Кыргызстан менен Казакстандын салттык достугу, биргелешип иш алып баруу жана стратегиялык өнөктөштүк боюнча мамилелери мындан ары да элдин келечеги жана өлкөлөрдүн өнүгүшүнө салым кошот деп ишенем",- деп айтылат Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо катында.
Алмазбек Атамбаев Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевге бекем ден соолук, мамлекетти башкаруу ишмердүүлүгүнө ийгилик, казак элине тынчтык каалап өттү.