Депутаттар Акмат Бакиев менен Кадыржан Батыровдун мүлктөрүнөн мамлекетке пайда түшпөй жатканын айтышты

Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында депутат Уланбек Нуркулов качкын президенттин бир тууганы Акмат Бакиев менен Ош окуясына айыпталгандардын бири Кадыржан Батыровдун мүлктөрү мамлекетке бир тыйын пайда алып келбей жатканын айтты.

Депутат “Курулуш жаатындагы комбинаты, бетон чыгаруучу ишканасы дагы эле ошол Кадыржан Батыровдун өзүнө иштеп жатат деген сөздөр бар. Бул маселелерди Мамлекеттик мүлк фондунун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү жакшылап карап чыгышы керек” деп билдирди.

Нуркулов Чаткал, Ала-Букадагы алтын кендеринен түшкөн пайданын 2 пайызы жергиликтүү бюджетке түшүүсү керектигине токтолду. "Бүгүнкү күндө ошол 2 пайыздык төлөм 46 миллион сомду түзүптүр. Аны иштеткенге өкмөт уруксат бербей жатат",- деди депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан