Асылбек Жээнбеков Сокулук районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 18-декабрда Чүй облусунун Сокулук районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары менен жолугушту. Жолугушууда спикер энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу тармагындагы мамлекеттик саясат тууралуу маалымат берди. "Мамлекетибиздин энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында жогорку чыңалуудагы "Датка-Кемин" электр өткөргүчүн, "Кемин" көмөк чордонун, ГЭСтерди куруу боюнча ири долбоорлор ишке ашырылып жатат",- деди Жээнбеков. 

Экономиканы өнүктүрүүгө багытталган реформалар, диний кырдаалды жөнгө салуу, улуттар ортосундагы ынтымакты чыңдоо боюнча да пикирин айтты.

ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, жергиликтүү кеңештин депутаттары тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине кызыккан суроолорун беришти. Алар айыл чарба жерлерин сугат суулары менен камсыздоо, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү, жерлерди трансформациялоо, ички жолдорду оңдоо маселелерин көтөрүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан