Жогорку Кеңеш Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу макулдашууну 3-окууда кабыл алды

Кыргызстан менен Орусия Федерациясынын өкмөттөрүнүн ортосунда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду түзүлөт. Буга байланышкан макулдашууну Жогорку Кеңеш 18-декабрда 3-окууда кабыл алды.

Фонддун уставдык капиталы 500 миллион долларды түзөт. Алгачкы 100 миллион доллар 2014-жылдын 31-декабрында берилет. Ал каражат Улуттук банкта сакталмакчы. Калган 400 миллион доллар 2016-жылдын 29-майына чейин бөлүнөт. Фонддун кеңеши 5 адамдан турат: үчөө Орусия тараптан, экөө Кыргызстан тараптан. Кеңеш төрагасы Орусия тараптан болот. Ал эми фонддун башкармалыгы да 5 адамдан турат: үчөө Кыргызстан тараптан, экөө Орусиядан. Башкармалыктын башчысы Кыргызстан тараптан болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан