Төрага Асылбек Жээнбеков басма сөз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнү менен журналисттер коомчулугун куттуктады. Куттуктоодо "Урматтуу журналисттер! КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм! Ушул тапта дүйнөнүн чар тарабына чапчаң маалымат жеткирген жалпыга маалымдоо каражаттарынын мааниси улам артууда. Ааламдашуу доорунда басма сөз менен маалымат кызматынын, жалпы эле журналисттердин өлкө турмушунда, анын коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык, маданий-руханий жактан өнүгүү жолунда ээлеген орду өзгөчө. Демократиялык ачык-айкындуулук, сөз эркиндиги, маалымат алуу жана таркатуу укугу көптөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарынын алдына жаңы милдеттер менен заманбап талаптарды коюуда. Ошондуктан эгемен Кыргызстандагы өзгөрүүлөр менен кайра курумдардын жүрүшүн жалпы элге жеткирип, алардын алкышына арзуу – чоң сыймык да, зор милдет. Мындан ары да дал ушундай жаратман демилгеңиздерден жазбай, өткөөл кезеңдеги өлкөнүн күрдөл турмушунда жаралып жаткан алгылыктуу саамалыктарды, жаңы жөрөлгөлөрдү миллиондогон адамдарга кыска-нуска, таасын-так, калыс жана чапчаң жеткирүү озуйпасын ийгиликтүү аркалай беришиңерге чоң ишеним артабыз. Өлкөдө жүрүп жаткан реформалардын жүрүшүн ырааттуу чагылдыруу аркылуу мамлекеттик бийлик бутактары, анын ичинде кыргыз парламенти менен жалпы коомчулуктун өз ара байланышын мындан ары да чыңай беришиңерге чын жүрөктөн тилектешпиз. Баарыңарга чың ден соолук, бакубат турмуш, чыгармачылык ийгилик каалайм" деп айтылат.     
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан