Бишкектин жолдорун оңдоо боюнча меморандумуна кол коюлду

Экономика министринин орун басары Кылычбек Жакыпов менен Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Кытайдын Соода министрлигинин ортосундагы Бишкек шаарынын жолдорун оңдоого тийиштүү меморандумду ишке ашыруу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Муну бүгүн, 19-декабрда Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 
Документке ылайык, кытай тарап 52,5 миллион кытай юанын бөлүп, шаардын М.Ганди көчөсү (Жибек Жолу көчөсүнөн Маевка айылына чейинки бөлүгү), М.Ауэзов көчөсү (Анкара көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгү), Ж.Пудовкин көчөсү (Токомбаев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү) оңдолгону жатат. 
Айта кетсек, оңдолуучу жолдун жалпы узундугу 7,44 чакырым.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан