"Коопсуз шаар" долбоору ишке кирсе, жол эрежесин бузгандардан түшчү айып пулдун көлөмү 3 эсе өсөт

"Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден кийин жол эрежесин бузгандардан түшчү айып пулдун көлөмү 3 эсе өсөт. Муну ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 19-декабрдагы жыйынында билдирди. Аталган долбоор 2015-жылдын март айында ишке кирсе, МАИчилердин чөнтөгүнө түшчү акчалардын саны азаймакчы. Айдоочулар жол эреже бузганына жараша сумманы төлөөгө милдеттүү болушат. Асанов учурда долбоор боюнча тендердин 2-этабы өтүп жатканын кошумчалады. “Долбоор жакынкы жылдары Бишкек, Ош шаарларында жана Ысык-Көл облусунда ишке ашырылат. Келечекте өлкө боюнча ишке ашырылмакчы. Анын алкагында ачык жерлерге видеокамералар орнотулат. Бул жол коопсуздугун жана кырсыктардын алдын алуу максатында иштелип жатат”,- деди Асанов.

Депутаттар долбоор боюнча элге алдын ала маалымат берип турууну сунушташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан