Жогорку Кеңеште Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахмановду мандаттан ажыратуу маселеси көтөрүлдү

Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахманов депутаттык мандатынан ажыратылышы керек”,- деп билдирди депутат Эристина Кочкорова Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 19-декабрдагы жыйынында. Анын айтымында, фракциядан чыгарылган эл өкүлөрү депутаттык укуктан ажыратылышы шарт. Бул боюнча норма кабыл алынганын айткан депутат: “Аты аталган эки депутат мандатынан буга чейин эле ажыратылышы керек болчу”,- деп билдирди.

Эристина Кочкарова Конституциялык палата Жогорку Кеңештеги депутаттык топтор фракциядан тышкары боло албай тургандыгы боюнча чечим кабыл алганын кошумчалады.

Айта кетсек, Р.Жээнбеков менен Ө.Абдрахманов "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болуп шайланып, кийин келишпестиктерден улам "Ата Мекен" фракциясынын курамынан чыгарылышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан