Бишкек-Дели, Бишкек-Үрүмчү түз авиакаттамдарын ачуу пландалууда. Муну бүгүн, 19-декабрда жаңы типтеги Боинг 737-800 учагын кабыл алуу аземинде тышкы иштер министринин орун басары Улан Уезбаев билдирди. "Авиапарктын жаңыланышы түздөн-түз жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна таасир этет. Ошондуктан өкмөт бул жааттагы тапшырмаларды ишке ашырууга мүмкүн болушунча колдоо көрсөтүүдө", - деди министрдин орун басары.
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев "Манас" авиапаркынын жаңыланышы жүргүнчүлөр үчүн жагымдуу кабар экенин белгиледи.
"Жыл өткөн сайын транспорттун ушул түрүн тандаган кыргызстандыктардын саны өсүүдө. 2013-жылы жүргүнчүлөрдүн саны 2 миллион 420 миң адамга өстү, авиакаттамдардын саны да көбөйүүдө. Өткөн жылы өлкөдө 26 миң авиакаттам ишке ашырылган, быйыл 28 миңге жетери күтүлүүдө. Авиапарктын жаңыланышы - Кыргызстанды аба каттамдарындагы "кара тизмеден" чыгарууга жасалган кадамдардын бири. Жаңы Боингдин келиши менен жүргүнчүлөрдүн ата мекендик авиацияга болгон ишеничи күчөйт", - деди Сарпашев.
Айта кетсек, "Манас" аэропортуна жаңы алынган Боинг 737-800 учагы Бишкек-Ош жана Орусиянын негизги шаарлары менен болгон каттамды ишке ашырат.