Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы 19-декабрда "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу тууралуу" мыйзамга толуктоо киргизүү демилгесин 1-окууда жактырды.
Демилгечи депутат Эристина Кочкарова мурда Конституциялык палата Жогорку Кеңештеги депутаттык топтор фракциядан тышкары боло албай тургандыгы боюнча чечим кабыл алгандыгын эске салып, сунушталып жаткан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештеги депутаттык топтор фракциядан тышкары боло албай тургандыгы боюнча чечимди аткарууга багытталганын белгиледи.
Мындай сунуш фракция мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болду.