Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы депутат Данияр Тербишалиевдин Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин жоюу сунушун жабык форматта карап жатат. Мындай чечим фракциянын 19-декабрдагы отурумунда кабыл алынды. Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков “маселени жабык эшик артында карап, чечим чыгаралы” деп билдирип, сунушту фракция мүчөлөрү колдошту.
Тербишалиев жаштардын көйгөйүн чечүүгө бүтүндөй министрликтин кереги жок экенин, анын ордуна департамент түзсө болорун айткан эле.