Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 19-декабрда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чарага катышты. Маматалиев Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдары өзүнүн тарыхында өлкөнүн коопсуздугу менен эгемендүүлүгүн камсыз кылууда маанилүү ролду ойногонун айтты.
"Коомчулук силердин ишиңердин жыйынтыгын көрүп турат. Бул силердин терроризм, экстремизм жана коррупцияга каршы күрөшүүдөгү иштериңердин жемиши. Силердин органга дайыма эң жогорку талаптар коюлуп келген. Атайын кызматтардын мүмкүнчүлүгү улуттук кызыкчылыктарды, мамлекеттин туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууда эффективдүү колдонулушу керек",- деди вице-премьер.
Жыйында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ардак грамота жана сыйлыктар тапшырылганын өкмөттөн билдиришти.