Депутат Курмантай Абдиев кыргыз тилин үйрөнүү үчүн жаштарды азыраак уктоого чакырды. Мындай сунушун депутат бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоору каралып жатканда айтты. Анын пикиринде, жарандарга кыргыз тилин үйрөнүү үчүн муктаждык жаратуу керек.
"Муктаждык болбосо тил эч качан өнүкпөйт. Кызматта болсун, көчөдө болсун, ар бир жаран жашап жаткан мамлекетинин тилин үйрөнүүгө аракет кылышы керек. Бирок айрым учурларда тилдин өнүгүшүнө салым кошуп кеткен инсандардын балдары кыргызча билишпейт, албетте, бул зээнди кейитет",- дейт Абдиев.