Бүгүн ички иштер министри Кемин, Чүй райондоруна жана Токмок шаарына иш сапары менен барат

Бүгүн, 24-декабрда ички иштер министри Мелис Турганбаев Кемин, Чүй райондоруна жана Токмок шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш сапардын алкагында министр мырза милиция кызматкерлеринин иштөө жана жашоо шарттары менен таанышат.

Айта кетсек, ички иштер министри буга чейин Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй облусунун айрым райондорунда болуп келген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан