Синдзо Абэ кайрадан Япониянын премьер-министри болуп шайланды

Япониянын парламенти Синдзо Абэни кайрадан премьер-министр кылып шайлады. Бул тууралуу 24-декабрда чет өлкөлүк маалымат булактары жарыялашты. Абэге 470 депутаттын 328и "макул" деп добуш беришкен. Маалыматка таянсак, министрлер кабинети дээрлик өзгөрүүсүз калат. Бир гана өлкөнүн коргоо министри Акинори Это кызматтан алынат, анын ордуна ким келери айтыла элек. 
Төмөнкү палатага быйыл декабрь айында өткөн шайлоодо башкаруучу коалиция 475 мандаттын 325ин алган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан