24-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 568 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жыл менен салыштырмалуу 30,85 пайызга аз. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, суу сактагычка учурда секундасына 180 метр куб суу агып кирсе, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 190 метр кубду түзгөн. Эске салсак, өткөн жылы 24-декабрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 13 миллиард 837 миллион метр кубду түзгөн.