Жаңы жыл
– дүйнөнүн көптөгөн элдери белгилеген майрам. Дүйнөдөгү шаарлар, айыл-кыштактар майрам алдында түркүн кооздукка бөлөнүп, декабрь айынан тартып январдын аягына чейин майрамдык маанай тартуулап турары белгилүү. Бул күндөрү баш калаанын борбордук көчөлөрү жасалгаланып, коомдук унаалар менен бирге муниципалдык мекемелер, жеке менчик дүкөндөр, турак үйлөр кооздолуп, өзгөчө жарыкты берип турат. Майрам алдында Бишкектин жаңы жылдык жасалгасынын кечки көрүнүшү чагылдырылган сүрөттөр топтомун тартуулайбыз.