Сокулук районуна 4000 батирлүү үйлөрү менен шаарча курулганы жатат

Вице-премьер-министр Валерий Диль 24-декабрда Кыргызстанды 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйында Чүй облусунун Сокулук районуна шаарча куруунун жаңы долбоору каралды. Аймакка 240 000 чарчы метр аянтка 4000 батирлүү үйлөрдү куруу пландалып жатканы айтылды. Шаарчада 2 мектеп, 2 бала бакча, медициналык мекеме болмокчу. Буга 100 миллион доллар инвестиция тартуу жагы каралып жатканы, Канада, Орусия, Кытай жана Түштүк Кореядан инвесторлор бар экенин айтылды. 
Диль: "Жакын арада инвесторлорго Чүй облусундагы район борборлоруна жеткиликтүү турак үйлөрдү куруу боюнча бир катар долбоорлор сунушталат",- деп билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан