Эмгек квотасын аныктоо укугун өкмөткө берүү сунушталууда

Тышкы миграция боюнча жумушчу квоталарын жөнгө салууга багытталган “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 25-декабрда 2-окууда добуш берүүгө жөнөттү. 

Өкмөттүн маалыматына караганда, Кыргызстандын Конституциясынын талаптарына ылайык, эмгек квотасын аныктоо укугун өкмөткө берүү демилгеси сунушталууда. Алар эмгек квотасы бекитилгенге чейин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин макулдугун алууга тийиш экени айтылды. Учурда эмгек квотасын бекитүү укугу парламенттин колунда. 

Айта кетсек, 22-декабрда тиешелүү комитет аталган мыйзам долбоорун четке каккан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан