Кыргыз Республикасынын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Улукбек Чыналиев Киев шаарында 24-декабрь күнү өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин аймактык диаспора борборунун ачылышына катышты. Бул тууралуу 26-декабрда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, түрк тилдүү өлкөлөрдүн аймактык диаспора борборун түзүү аталган кеңешке кирген мамлекеттердин маданий баалуулуктарын сактап, кызматташтыгын бекемдөөгө шарт түзөт. Ошондой эле социалдык саясат жаатындагы активдүүлүгүн жогорулата алат. Аймактык борборду Украинадагы түрк тилдүү диаспоралардан өкүлдөр чогулуп, алардан түзүлгөн түзүм башкарат.