Жаңы жыл майрамында авариялык-диспетчердик жана коммуналдык кызматтар, саламаттыкты сактоо мекемелери, милиция кадимки режимде иштешет. Бул тууралуу тармактык мекемелердин башчылары өкмөттүк аппараттын жетекчиси Нурханбек Момуналиевге билдиришти. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, майрам күндөрү энергетиктер менен кышка даярдык көрүү боюнча штабдар күчөтүлгөн режимде иштешет.
Милиция кызматкерлери эл көп чогулган жерлерди көзөмөлгө алууну, жол-кайгуул кызматкерлери жолдо жүрүү кыймылын көзөмөлдөөнү күчөтөрү айтылды.